Көмүрдүн баасын үч эсе кымбат көрсөткөн айыл башчы кармалды

Жазылуу
Айыл башчы мамлекетке бир миллиондон ашык каражат зыян келтирген.

БИШКЕК, 29-янв. – Sputnik. Баткен облусундагы Тогуз-Булак айылынын башчысы көмүргө болгон бааны үч эсе жогору көрсөткөнүн Финансылык полиция билдирди.

Баткендин кичи көчөлөрүнүн биринде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде жакырчылыктын деңгээли 33 пайызды түзөт
Ыкчам иликтөө иш аракеттеринин негизинде көмүр сатып алууга багытталган тендерде мыйзам бузуу катталган. 

Тогуз-Булак айыл башчысы тоннасы эки миң сомдук көмүрдүн баасын алты миң сом деп көрсөтүү менен "Мамлекеттик сатып алуулар" мыйзамын бузган. 

Анын негизинде мамлекеттик бюджетке 1 миллион 160 миң сом зыян алып келген. 

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 189-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0