Бишкекте аласалып кеткен бустун үч жүргүнчүсү ооруканага жаткырылды

© Sputnik / Табылды КадырбековДарыгер оорулуунун рентгенин карап жатат. Архив
Дарыгер оорулуунун рентгенин карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эртең менен борбор калаада жеңил унаа менен микроавтобус кагылышып, бус аласалып кеткен. Ооруканага кайрылган тогуз жүргүнчүнүн үчөө дарыланууга жаткырылды.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жеңил унаа менен кагылышып аласалып кеткен бустун жабыркаган жүргүнчүлөрүнүн абалы туруктуу экенин Бишкек улуттук травматология жана ортопедия институтунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Бишкектин борборунда төрт автоунаа кагышты
Буга чейин Жол кайгуул кызматы бүгүн эртең мененки саат жетиде Токтогул көчөсү менен бара жаткан №195 маршрут Honda үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп, натыйжада аласалып кеткенин билдирген. Кырсыктан сегиз кишинин ар кандай жараат алганы белгилүү болгон.

Жумабеков ооруканага тогуз адам кайрылганын, алтоосуна амбулатордук жардам көрсөтүлсө, үчөө ооруканага жаткырылганын маалымдады. Дарылануудагы жарандардын экөөсүнүн баш мээси чайкалып, биринин акыреги сынып кеткен. Ага бүгүн эле операция жасалары айтылды.

Жалпы жонунан үч жүргүнчүнүн абалы туруктуу деп эсептелинүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0