Бирөөгө таандык унаанын документин жасап, башкаларга сатып жиберген аял кармалды

Жазылуу
Кармалган жарандын Кой-Таш айылынын 57 жаштагы тургуну экени аныкталды. Ал эми мындан унаанын ээси 1,4 миллион сомдук зыян тарткан.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкекте бирөөнүн кымбат унаасын ээлеп, жасалма документ менен аны үчүнчү жактарга сатып жиберген 57 жаштагы Шааркүл Осмоналиева аттуу жаран кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элди 60 миң долларга алдап кеткен шылуунга кылмыш иши козголду
Маалыматка ылайык, милицияга шаардын тургуну кайрылып, Чолпон жана Шааркүл атуу чала тааныш аялдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, аталган жарандар былтыркы жылдын сентябрь айында алдоо жолу менен Toyota Land Cruiser Prado унаасын ээлеп алышкан. Андан соң ишеним катты жасалмалап, унааны башка адамдарга сатып жиберишкен. Бул аракеттерден жабырлануучуга келтирилген зыяндын өлчөмү 1 миллион 400 миң сомду түзгөнү аныкталды.

Бул боюнча Октябрь РИИБ тарабынан кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында Кой-Таш айылынын тургуну 57 жаштагы Шааркүл Осмоналиева кармалган. 

Учурда иликтөө иштери улантылууда.

Милиция аталган жарандан жабыр тарткандарды укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0