Аламүдүндө унаа көпүрөдөн кулап, 4 жүргүнчүсү каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековАламүдүн районундагы көпүрө. Архив
Аламүдүн районундагы көпүрө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кырсыктан жабыркагандардын аты-жөнү тактала элек. Унаанын ичинде алты кишинин болгону айтылууда.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Аламүдүндө Toyota Camry унаасы көпүрөдөн кулап, ичиндеги алты адамдын төртөө каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык аталган райондогу Васильев жана Бирлик айылдарынын ортосундагы жолдо катталган. Көпүрөдөн кулап кеткен унаанын ичиндеги эки кыз жана эки эркек бала каза болуп, дагы экөө Чүй облустук ооруканасына жеткирилишкен.

Учурда жабыркагандардын аты-жөнү такталып, кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0