Новосибирскиден учуп келген 11 жаштагы бала жалган документ менен аэропорттон кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный аэропорт "Манас". Архив
Международный аэропорт Манас. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүм Россиядан Кыргызстанга жалгыз учуп келген. Текшерүү маалында анын айткандары менен документтеги маалыматтар бири-бирине дал келбей калган.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. "Манас-аэропорт" өткөрүү пунктунан бөлөк бирөөнүн документи менен мамлекеттик чек арадан өтүүгө аракет кылган өспүрүм кармалганын Чек ара кызматы билдирди.

Чек ара көзөмөлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек ара аймагында мыйзамсыз жүргөн 4 кыргызстандык жана 1 кытайлык жаран кармалды
Маалыматка ылайык, 11 жаштагы бала Бишкекке Новосибирскиден учуп келген. Паспорттук көзөмөлдөн өтүүдө ал Россиядан берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөткөн. Маектешүү учурунда күбөлүктө жазылган ата-энеси тууралуу маалымат жана баланын жаш курагы чындыкка дал келбей калган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин чек араны бузган өспүрүм аэропорттун милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0