Бишкекте 5 млн. сомго чукул салык төлөбөй келген компанияга кылмыш иши козголду

Жазылуу
Одоно мыйзам бузууну Финансы полициясы ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында аныктап чыккан.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында жайгашкан "Дихнис" ишканасынын ири көлөмдө салык төлөөдөн баш тартып келген учуру катталганын Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган компаниянын жетекчилиги жасалма документация жана салык отчетторунун негизинде өлкө казынасына 4 миллион 945 миң сом салык төлөбөй келген.

Бул боюнча Финансы полициясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгоп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0