ИИМ: Ошто "өлүү жандарга" айлык төлөп келген бала бакча аныкталды

Жазылуу
Бюджеттик каражат бала бакчада иштебеген жарандарга төлөнүп келгенин укук коргоо органдары белгилейт.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Оштогу бала бакчалардын биринин жетекчилиги "өлүү жандарга" айлык акы төлөп келгенин ИИМ билдирди.

Биринчи Май районундагы мектеп менен бала бакчаларга онлайн-видеокамералар коюлду
Маалыматка ылайык, бала бакчанын кызматкерлери расмий документтерге жалган маалымат киргизип, муну менен бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдаланып келген.

Милиция айлык акы бакчада иштебеген жандарга чегерилип, андан кийин ал акча жооптуу кызматкерлерге ыйгарылып кеткенин белгилейт.

Бул факты боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Документтерди жасалмалоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0