Жалал-Абадда террорчуларга курал саткан милициянын майору кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКишенге алынган киши. Архив
Кишенге алынган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сатылган ок-дарынын бир бөлүгү облустун айылдарынын биринде жашаган эл аралык террористтик уюм мүчөсүнүн үйүнөн табылган.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жалал-Абад Ички иштер башкармалыгынын кызматкери, милициянын майору террористтик уюмдарга курал-жарак саткан деген шек менен кармалганын УКМК билдирди.

Атайын кызмат террорчулардын катылган гранатомет жана ок-дарысын таап чыкты
Маалыматка ылайык, майор аталган башкармалыктын курал-жарак жана ок-дары сактоо, берүү жана эсепке алуу боюнча жоопкер болгон. 

Үстүбүздөгү жылдын 14-январында сатылган ок-дарынын бир бөлүгү Жалал-Абад облусунун айылдарынын биринде жашаган террористтик уюмдун мүчөсүнөн табылган.

Үч күндөн кийин колго түшүрүлгөн милиция кызматкери учурда камакка алынды. Тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0