Чалдыбарда мыйзамсыз сакталган 36 тоннадан ашык мунай заты табылды

© Sputnik / Денис Гуков / Медиабанкка өтүүКанистр мунай заты менен. Архив
Канистр мунай заты менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Панфилов районуна караштуу Чалдыбар айылында тиешелүү тараптардан каттоодон өтпөй, майды мыйзамсыз саткан жай табылды.

БИШКЕК, 20-янв. – Sputnik. Чалдыбар айылында мыйзамсыз сакталган 36,4 тонна мунай каражаты табылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзамсыз иш алып барып, май саткан жай Панфилов районуна караштуу Чалдыбар айылында жайгашкан. 

Ыкчам иликтөөнүн негизинде "МАН" үлгүсүндөгү унаадан дагы 36,4 тонна бензин табылган. Анын айдоочусу 801,4 миң сомго аталган жайдан сатып алганын айткан. 

Маалымат кызматы, аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 180-беренеси боюнча иш козголгондугун билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0