Алты жылкы уурдаган киши алыс узабай колго түштү

Жазылуу
Кылмышка шектүү адамды дароо кармоо мүмкүн болгон эмес. Экинчи тургундун арызынан кийин гана шектүү адам такталып, издөө аракеттери башталган.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Чүйдүн Москва районунда жылкы уурдап жан баккан 24 жаштагы тургун кармалганын ИИМ билдирди. 

Акмолодо ишкер үйүр жылкыны атып салды
Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургун милиция кызматкерлерине үч жылкысын уурдатып жибергени тууралуу арыз менен кайрылган. Анын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө аракеттеринин натыйжасында, кылмышка шектүү жаран аныкталган. 

Сурак берүү маалында кармалган тургун уурулугун мойнуна алып, райондогу Ак-Башат айылынан да үч жылкы уурдап кеткенин айтып берген.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешелүүлүгү аныкталып жатат. Тергөө амалдары уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0