Кыргыз, казак жарандары чек арадан мунайды мыйзамсыз ташып колго түштү

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКанистрага бензин куюу. Архив
Канистрага бензин куюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандар автоунаасына кошумча бензин куючу бак менен мунай ташууга аракет кылган.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кошумча бензин куюучу бак орнотулган унаасы менен майды мыйзамсыз ташыгандар кыргыз-казак чек арасынан кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады. 

"16-январда "Ак тилек" чек ара көзөмөл өткөрүү жайынан 350 литр мунай алып өтүүгө аракет кылган КР жараны кармалган. Ушул эле күнү "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайынан өлкөгө күйүүчү майды мыйзамсыз алып келе жаткан казак жараны колго түшкөн", — деп билдирди маалымат кызматынан. 

Текшерүү учурунда айдоочулардын унаага кошумча бензин куюучу бак орнотууга уруксаты болгон эмес.

Учурда кармалгандар автоунаалары менен кошо ИИМдин Жол кайгуул кызматына өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0