Чоң-Алайда мыйзамсыз аңчылык кылган жарандар кармалды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМылтык кармаган адам. Архив
Мылтык кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жарандар уруксаты жок аңчылык менен алектенген.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Оштун Чоң-Алай районунда мыйзамсыз аңчылык кылган төрт жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, браконьерлерди "Карашыбак" чек ара заставасынын кызматкерлери колго түшүргөн. Тинтүү учурунда кармалгандардын жанынан ТОЗ – 3212, СКС үлгүсүндөгү курал-жарак табылган.

Учурда браконьерлер Чоң-Алай ройундук ИИБине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0