Кытайда кыргызстандыкты уурдап 20 миң доллар акча талап кылышты

© AFP / Marcin WicharyКишен. Архив
Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кытайдын Хоргос шаарында кыргызстандык жарандын бошотулушу үчүн белгисиз адамдар тарабынан 20 миң доллар талап кылынганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Согушкерлер Малиден Швейцариянын жаранын уурдап кетишти
Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кайрылуусунун негизинде Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун укук коргоо органдары 12-январь күнү барымтага алынган 31 жаштагы кыргызстандык жаранды бошотушту.

"Жарандын кармалып жана ал үчүн 20 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылынганы тууралуу билдирүү анын ага-туугандарынан ТИМдин Оштогу өкүлчүлүгүнө келген", — деп айтылат билдирүүдө.

Хоргос шаарынын полициясы кылмышка шектүү жарандарды кармап, камакка алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0