Бишкекте күркө ээсинин уулун сабап, тоноп кеткен топ кармалды

Жазылуу
Белгисиз үч жана күүгүмдө дүкөнгө кирип, соода кылып жалгыз отурган өспүрүмдү ур-токмокко алып кетишкен.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкектин Октябрь районунда күркөдө соода кылып жаткан өспүрүмдү ур-токмокко алып, телефону менен кассадагы 12 миң сом акчасын алып кеткен кылмыштуу топ колго түшүрүлгөнүн Бишкек ШИИБ билдирди.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте таксистти эс-учунан тандыра сабап унаасын айдап кеткендер кармалды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-январында саат 20.40та болжол менен белгисиз үч жаран соода күркөсүнө кирип, жалгыз отурган 16 жаштагы соодагер баланы бычак менен коркутуп, күч колдонуу менен тоноп кетишкен.

Иликтөө иштеринин натыйжасында күркө баланын атасына тиешелүү экени, ошол маалда дүкөнгө уулун калтырып чыгып кеткени аныкталды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде Дастан Тажиев, Марат Алмазбек уулу жана Калыгул Медеркулов аттуу 21-23 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Укук коргоо органдары аталган жарандардын бул сыяктуу бир катар кылмыштарга тиешеси бар экенин айтууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0