ӨКМдин Ысык-Көлдөгү базасынын жетекчиси 35 миң сом пара берип жатып кармалды

Жазылуу
Жетекчи ишинде суммасы 10 миллионго сомго чукул товар жетпей калган фактыны жабуу максатында пара сунуштаган.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча механизациялаштырылган базасынын жетекчиси УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматы кабарлады. 

"Кармалган жетекчи текшерүү учурунда 9,5 миллион сомдук товар жетпей калган фактыны жашыруу үчүн 40 миң сом өлчөмүндө пара сунуштаган. 15-январда анын 35 миң сомун УКМК кызматкерине берип жатканда колго түшүрүлгөн",— деп билдирди маалымат кызматы. 

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 314-беренесинин ("Пара берүү") негизинде кылмыш иши козголуп, базанын жетекчиси Каракол Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0