Нижне-Серафимовкагы соцмекемеде жашаган карылардын шыбагасына кол салгандар аныкталды

Жазылуу
Башкы прокуратуранын билдирүүсү боюнча 2014-жылдын экинчи жарымында мекенин ошол кездеги жетекчилиги жасалма документтерди түзүп, курулушту жүргүзүп жаткан компанияга мыйзамсыз 1 миллион 384 миң сом которуп берген.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Нижне-Серафимовка айылындагы карылар үйүнүн мурдагы жетекчилиги мекеменин мешин куруп берген ишканага мыйзам бузуу менен ашыкча каражат которуп, мамлекетке ири көлөмдө зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Бишкек шаарындагы карылар үйүндө жашаган апалар менен аталардын жашоосу
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын экинчи жарымында мекенин ошол кездеги жетекчилиги жасалма документтерди түзүп, курулушту жүргүзүп жаткан компанияга мыйзамсыз 1 миллион 384 миң сом которуп берген.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Документтерди жасалмалоо" жана "Шылуунчулук" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0