Бишкекте 3,5 млн. сомдук баңги зат менен төрт жаран кармалды

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүГероин. Архив
Героин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмыштуу топ узак мөөнөттөн бери баңги затты өлкөнүн түштүк аймагынан Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүнө ташып келген.

БИШКЕК, 12-янв. – Sputnik. Узак мөөнөттөн бери баңги затын сатуу менен алектенген Ош шаарынын үч жана Бишкектин бир тургуну борбордун Ибраимов көчөсүнөн кармалды. Бул тууралуу Баңги затты көзөмөлдөө кызматынын маалымат кызматы билдирди. 

Марихуана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Көл шаарындагы ашканадан баңги зат табылды
Кармалгандардын "Тойота" үлгүсүндөгү унаасынан 3,5 миллион сомго бааланган 2 кг 941 грамм героин табылган. Мындан сырткары унаанын арткы отургучтарынан уксустук ангидрид жыттанган полиэтилендик баштык алынган. 

Кармалган кылмыштуу топ узак мөөнөттөн бери баңги затты өлкөнүн түштүк аймагынан Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүнө ташып келишкени маалыматта белгиленет. 

Учурда аталган факты боюнча өкмөткө караштуу баңги затты көзөмөлдөө кызматынын иликтөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0