Министрлик: дарыгерлер ишке жараксыз деп берген кагаздар шек жаратууда

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттыкты сактоо министрлигинин имараты. Архив
Саламаттыкты сактоо министрлигинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматтык иликтөө жүргүзүлгөндө ишке убактылуу жараксыз деген кагаздар одоно калпыстыктар менен жазылып берилгендигин министрликтин маалымат кызматы билдирди.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Акыркы жылдары Саламаттыкты сактоо министрлигине ишке убактылуу жараксыздык боюнча берилген медициналык кагаздардын чын-төгүнүн текшерүү боюнча кайрылуулар арбып жатат. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Андай кагаздар ишкана жумушчулары менен кызматчыларына алдын алуучу жана дарылоочу уюмдар, дарыгерлер тарабынан жазылып берилет.

"Ишке убактылуу жараксыз деп берилген баракчанын чын-төгүнүн текшерип берүү өтүнүчү министрликтер, ведомстволор, андан тышкары жергиликтүү жана чет элдик тоо-кен компанияларынан түшүп жатат",— деп айтылат маалыматта.

Булардан тышкары жогорудагыдай маанайда министрликке тартип коргоо жана сот органдары да кайрылган.

Маалымат кызматы бул фактыларга кызматтык иликтөө жүргүзүлгөндө ишке убактылуу жараксыз деген кагаздар одоно калпыстыктар менен жазылып берилгендигин билдирди.

"2015-жылдын 11 айында текшерип берүү өтүнүчү менен 52 кайрылуу түшкөн. Учурда эки ишти сот карап жатат",— деп билдирди маалымат кызматы.

Аталган кагазды берүү боюнча экспертизанынын нускамасына ылайык, жазылган документтер боюнча жоопкерчилик саламаттыкты сактоо мекемесинин жетекчисине жүктөлөт. Анын мыйзамсыз бергендиги аныкталса, дисциплинардык жоопкерчиликке тартылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0