Кара-Көл шаарындагы ашканадан баңги зат табылды

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүМарихуана. Архив
Марихуана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кылмышкердин шериктерин аныктоо максатында тергөө-оперативдик иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кара-Көл шаарынын 7-январь күнү 44 жаштагы тургуну "Б.М." аттуу атуулга таандык 48 кг. марихуана жана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү эки даана сайлуу ок атуучу курал аныкталды. Баңгизат тамактануучу жайлардын биринин ашканасына катылган болчу. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. 

Учурда аталган факт боюнча Кара-Көл ШИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, алынган далил буюумдары соттук-химиялык экспертизага жана балисстикалык экспертизага жөнөтүлдү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0