Бишкекте 43 жаштагы киши өспүрүмдү токмоктоп телефонун тартып алган

© flickr.com / Håkan DahlströmТелефон кармаган адам. Архив
Телефон кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланын энеси жазган арыздын негизинде милиция кылмышка шектүү жаранды колго түшүрдү. Учурда иликтөө иштери уланып жатканы белгилүү болду.

БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Бишкекте Жаш гвардия бульвары менен Чокморов көчөсүнүн кесилишинде 43 жаштагы Азамат аттуу киши күч колдонуу менен өспүрүмдүн 6,5 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга өспүрүмдүн энеси арыз менен кайрылган. Анын негизинде Ленин районунун милиционерлери тарабынан телефонду тартып алган Азамат кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0