Өзгөндө көк бөрүдөн улам чыкты делген автотыгынды айдоочулар өздөрү пайда кылышкан

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКок бору оюну. Архив
Кок бору оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ түштөн кийин саат 2.30дан 4:00гө чейин Өзгөн району менен Жалал-Абад облусунун чектешкен жериндеги талаада эки миңдей машина автотыгында турган.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кечээ түштөн кийин Өзгөн районунда эки саатка созулган автотыгынды айдоочулар өздөрү пайда кылышканын Ош облустук ИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Социалдык тармактын колдонуучулары автотыгын Жаныш Ниязов уюштурган көк бөрүдөн улам болгонун жазып чыгышты. 

Ниязов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине баласына элден бата алыш үчүн той бергенин ырастап, автотыгын көк бөрүдөн улам болбогонун айтты.

"Менимче автотыгындын пайда болушуна эч кимдин деле күнөөсү жок. Болгону айдоочулар бир аз этияттык кылышса жакшы болмок. Мен бул күнөөлүү же тигил күнөөлүү деп айта албайм", — дейт ал.

Көк-бөрү мелдеши учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кармаганда кан чыккан, билектүү, көк жал көкбөрүчүлөр кимдер?
Жеңиш Ашырбаев дал ушул күнү автотыгын пайда болгон аймакта көк бөрү болгонун кошумчалап, аны көргөнү келген кишилер автоунаасын жолдун четине токтотуп койгону да автотыгынды азайтууга жолтоо болгонун белгиледи.

Анын айтымында, мындан сырткары Өзгөн району менен Жалал-Абад облусунун чектешкен жеринде "Хово" үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа бузулуп калып, аны жолдон чыгаргыча 10-15 мүнөттүн ичинде эле ири автотыгын пайда болгон.

"Бул жерде айдоочулардын маданиятсыздыгынан, бири-бирин сыйлабагандыктан автотыгын пайда болду. Бузулуп калган 25 метрлик "Хово" үлгүсүндөгү автоунаасын жолдон алгычакты айдоочулар биринен-бири озунуп жолду эки жагынан тең тосуп алышкан. МАИ кызматкерлери барып, жол кыймылын иретке келтиргиче 1.45 саат убакыт кетти", — деди ал.

Ашырбаев эгер айдоочулар 10-15 мүнөт чыдап, жол эрежесин сактаганда мындай болмок эместигин кошумчалады. 

Окуя Өзгөн району менен Жалал-Абад облусунун чектешкен аймагынан ээн талаада болгон. Азыркы учурда жол ачык, кадимки калыбында иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0