Атамбаев кечээ каза болгон оператордун бүлөсүнө каражат бөлдү

Жазылуу
Асанбеков видеосюжет тартып жатып 29-декабрда, болжол менен саат 22.10до улуттук филармониянын жанында жол кырсыгынан каза болгон.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев НТСтин каза болгон операторуна көңүл айтып, материалдык жардам катары каражат бөлдү. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы Атамбаевдин буйругу менен каза болгон Жоомарт Асанбаевдин үй-бүлөсүнө президенттин фондудан материалдык жардам иретинде 50 миң сом акча каралды.

НТС телекомпаниясынын оператору Жоомарт Асанбеков видеосюжет тартып жатып, 29-декабрда болжол менен саат 22.10до улуттук филармониянын жанында жол кырсыгынан каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0