Бишкекте үй өрттөнүп Нарындын тургуну каза болду

Жазылуу
Өлгөн адамдын Нарын облусундагы Ат-Башы районунун 54 жаштагы жаран экени аныкталды. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкектин Офицерский туюк көчөсүндө үч бөлмөлүү үй өрттөнүп, ичинен адамдын күйүп кеткен сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ болгон. Өлгөн адамдын Нарын облусундагы Ат-Башы районунун 54 жаштагы жаран экени аныкталып, учурда анын аты-жөнү такталып жатат. 

Министрлик кырсыктын чоо-жайы иликтенип, табылган сөөк Биринчи Май райондук ИИБ кызматкерлерине тапшырылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0