Эки террорчу Сириядан Кыргызстандагы акчалуу мекендештерин тоноо үчүн кайткан

Жазылуу
ИИМдин айтымында, алар тоногон каражатын Сириядагы жихадчыларга салып турмак.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Сириядан кайтып келген эки кыргызстандык бул жактан байларды тоноп, "Ахмадия" агымынын мүчөлөрүнө кол салууну пландагандыгын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бала-чакасы, неберелери менен Сирияга кетти деген байбиче эмне издеди болду экен?…
Буга чейин маалымдалгандай, 22-декабрда Ош облусунун Кашкар-Кыштак аймагында белгисиз бирөөлөр жергиликтүү тургун Юнус Абдужалиловду атып кеткен. Ал киши алган жаракатынан аймактык ооруканага алып келе жатканда каза болгон. Бул кылмыш ишине шектелип сегиз киши кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

ИИМдин маалыматына ылайык, аталган кылмыш иши радикалдык салафизм деп аталган диний агымдын өкүлдөрү тарабынан жасалган. Каза болгон Абдужалилов "Ахмадия" диний агымынын өкүлү болгон. Эки агым көз карашы жактан бири-бирине каршы келет.

Шектүү жарандар кармалгандан кийин алардын жашаган жерлери тинтүүгө алынып, экстремисттик мүнөздөгү китептер, DVD-диск, жарылуучу заттар жана колго жасалган бычактар табылган.

Сегиз жарандын экөө Түркиядан учуп келгенде кармалса, алтоо Жалал-Абадда болгон атайын операция учурунда кармалган.

ИИМдин маалыматына ылайык, Түркиядан учуп келгендердин бирөө курал-жаракты колдонуу боюнча Латакия провинциясындагы (Сирия) экстремисттердин лагеринен даярдыктан өткөн. Ал Сирияга 2013-жылы кеткен, ал 20 жашта.

Милиция бул жаранга жана анын тобундагыларга Кыргызстандагы акчалууларга жана чет элдиктерге кол салып, алардын байлыктарын тартып алуу боюнча тапшырма берилиши мүмкүндүгүн айтты. Акчаларды алар Сирияга жөнөтүп турушу керек болчу.

Кишенчен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Көл шаарында Сириядан келе жаткан эки жаран кармалды
Кармалган 28 жаштагы экинчи киши 2013-жылы Түркияга барып, андан кийин Египетте "окуган". 2015-жылы Сирияга өткөн. Ага Кыргызстанга кайтып, "Ахмадия" агымынын өкүлдөрүн тоноого тапшырма берилген. 

Тинтүү учурунда андан экстремисттик китептер алынган.

ИИМдин берген маалыматы боюнча Сириядагы, Ирактагы, Афганистандагы террордук топтордун катарында 400дөй кыргызстандык бар. Алардын 23,3 пайызын аялдар, 15,6 пайызы өспүрүмдөр түзөт. Ал жакта жүргөндөрдүн ар бир сегизинчиси үй-бүлөсү менен кеткендер.

Андан сырткары ыкчам маалыматтар боюнча 26 кыргызстандык каза болсо, 32 киши кайта келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0