Арак ичип отурган эки кыз бычакташа кетип, бирөөсү каза болду

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүСыра ичүүчү жай. Архив
Сыра ичүүчү жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги үйлөрдүн биринде кыздар 46 жаштагы эркек киши менен арак ичип отурушканы белгилүү болду. Чатакташа кеткен кыздардын бири экинчисин бычактап салган.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Бишкекте арак ичип отурган 22-23 жаштагы кыздардын бычакташуусунан бирөөсү реанимацияда каза болгонун шаардык ИИБ билдирди.

Бычак кармаган адамдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте мектеп окуучулары бычакташа кетишти
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-декабрында Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде спирт ичимдиктерин ичип отурган 23 жаштагы Жылдыз менен 46 жаштагы жаранга 22 жаштагы Гүлзада аттуу кыз келип кошулат. 

Бир аздан кийин эки кыздын ортосунда уруш чыгып, эркек киши аларды тынчтандырууга аракет кылат. Эшикте тамеки тартып, 10 мүнөттөн кийин келсе Гүлзада Жылдызды бычактап салганын көрөт.

Ооруканага жеткирилген жабырлануучу реанимацияда эсине келбей каза болгон.

Учурда Ленин райондук ИИБ тергөө иштерин жүргүзүп, натыйжада 22 жаштагы Гүлзада кармалганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0