Коопсуздук комитети көмүр казгандардын ден соолугуна тынчсызданат

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүКөмүр түшүрүү. Архив
Көмүр түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лейлек районунда мыйзамсыз иш алып барган компанияларга карата учурда прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районунда жеке ишканалар тарабынан көмүрдү мыйзамсыз казып алуу фактыларын табылганын УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда "Ак-Тилек", "Таш-Короо" жана "Кулунду Алмаз" ишканалары көмүрдү уруксат берилген аянттан сырткаркы "Сүлүктү-Көмүр" аймагында да жүргүзүшкөн. Мындан тышкары, мында өнөр жай жана өрт коопсуздуктарынын талаптары менен ченемдери бузулган.

Көмүр жүктөлгөн унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында көмүрдүн баасын 3500 сомдон көтөрбөөгө аракеттер көрүлүүдө
Бул факты боюнча Баткен облусунун прокуратурасы кылмыш жаза кодексинин "Мыйзамсыз ишкердик кылуу" жана "Өзүм билемдик" беренелерине ылайык кылмыш ишин козгоду. Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК көмүр казууда коопсуздук техникасы сакталышы зарыл экенин, болбосо жумушчулардын денесине оор залал келтирилип, курмандыкка же башка оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн экенин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0