Башка бирөөнүн паспорту менен Түркиядан Ошко учуп келген аял кармалды

Жазылуу
Текшерүү маалында анын бирөөнүн паспортуна өзүнүн сүрөтүн чаптап келгени маалым болду.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Оштун аэропортунан бөлөк бирөөнүн паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалганын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя "Стамбул — Ош" авиакаттамын текшерүү учурунда аныкталган. Мында 49 жаштагы аял өзүнүн сүрөтүн башка бирөөгө таандык паспортко чаптап Түркиядан Кыргызстанга учуп келген. 

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМК кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0