Бишкектик аял автоунаасын чала таанышына кармата берип, акчадан куру жалак калган

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтоунаада отурган адам. Архив
Автоунаада отурган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдамчыны издеген милиция шектүү делген 24 жаштагы Бишкектин тургунун таап чыккан.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкектик аял чала тааныш бирөөгө сатыкка койгон төрт миң доллар наркындагы автоунаасын кармата берип, анысын таппай калган. Бул туурасында шаардык милициядан билдирди.

Автоунааны сатып алган Улукжаш аттуу жигит бир миң долларын төлөп, калганын карматпай жылт койгон. Күтө берип айласын кеткен аял, акырында жардам сурап милицияга арыз менен кайрылган. 

Алдамчыны издеген милиция шектүү делген Бишкектин 24 жаштагы тургунун таап чыккан. Учурда тартип коргоо органдары тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0