Жасалма диплом менен иштеп жүргөн мэриянын кызматкери аныкталды

© Фото / Нургазы ЧыныбековБишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив
Бишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүү учурунда 1998-жылы окуу жайды аяктагандардын арасында диплом алган жарандын аты-жөнү табылган эмес.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бишкек ШИИБ мэрия кызматкеринин жасалма диплом менен иштеп жүргөнүн аныктап чыкты.

Экс-депутат Нурлан Төрөбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жасалма диплом менен мамлекеттик чин алган экс-депутат Төрөбековдун иши сотко өттү
Маалыматка ылайык, аталган жаран жумушка орношуу маалында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин 1998-жылы аяктагандыгы тууралуу диплом көрсөткөн.

Текшерүү маалында университет тарабынан мындай диплом берилбегени аныкталган. 

Учурда бул факт каттоого алынды. Иликтөө иштери жүрүп, кылмыш ишин козгоо маселеси көтөрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0