БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. "Дан" мамлекеттик ишканасынын башкы директоруна кылмыш иши козголуп, камакка алынганын УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, жетекчи үстүбүздөгү жылдын июль айында өзүм билемдик менен аталган ишкананын кыймылсыз мүлкүн төмөндөтүлгөн баа менен сатып жиберген. Мындан казынага 2 миллион 308 миң сом зыян келтирилген.
Кара көсөө болгон буудайдан алынган ун адамдын организмин ууландырары белгилүү.
Мындан улам башкы директорго "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу" жана "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканы маалым болду.