Токтогулда турак жай өрттөнүп, үй ээси кошо күйүп кеткен

Жазылуу
Кырсык аталган райондун Үч-Терек айылына караштуу Сарыката айылында болгону маалым болду. Үйдүн ээси 71 жашта болгон.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Токтогул районунда үй өрттөнүп, иске ууланып өлгөн 71 жаштагы үй ээсинин сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Үй-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Сарыката айылында болгон. Өрт турак үйдүн 20 чарчы метрин жалмап кеткен.

Министрлик учурда кырсыктын себептери такталып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0