Тажикстандан маңзат ташып келе жаткан кыргызстандыктар колго түштү

Жазылуу
Чек арачылар автоунааны текшере келгенде 900 граммдык маңзатты таап чыгышкан.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Чек арачылар Тажикстандан автоунаасына героин салып келе жаткан кыргызстандыктарды кармады деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы.

Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көп ирет соттолуп чыккан жаран баңгизат менен тутулду
Эки жаран Кыргызстандын аймагында жайгашкан "Бордөбө" чек ара көзөмөл өткөрүү жайынан колго түшкөн.

Чек арачылар "Митсубиси Паджеро" автоунаасын текшерүү учурунда 900 граммдык маңзатты таап чыгышкан.

Тиешелүү кагаздар толтурулгандан кийин маңзат ташып келе жаткандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0