Милиция бир ай мурун табылган өлүктүн аты-жөнүн тактай албай жатат

Жазылуу
"Ала-Тоо" жаңы конушунун Белмазар көчөсүнөн болжол менен 40-45 жаштагы азиат улутундагы эркек адамдын жансыз денеси табылган.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында киши колдуу болуп өлгөн адамдын ким экендиги ушул кезге чейин аныктала электигин Бишкек ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, "Ала-Тоо" жаңы конушунун Белмазар көчөсүнөн болжол менен 40-45 жаштагы азиат улутундагы эркек адамдын денеси табылган. Текшере келгенде анын киши колдуу болгону аныкталган.

Учурда укук коргоо органдары аталган кылмыштын бетин ачууга багытталган бир катар иш-аракеттерди көрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0