Кылмышка шектелип жаткан жарандардан баңгизат табылды

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүМарихуана. Архив
Марихуана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ала-Бука жана Лейлек райондорунда катталган бул иштер боюнча учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында милицияга түшкөн 46 жаштагы жарандын жанынан баңгизат табылганы ИИМ билдирди.

Абактагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Колонияга баңгизат өткөрүүгө аракет кылган топ кармалды
Маалыматка ылайык, экспертиза аталган баңгизаттын эки килограммдан ашуун марихуана экенин аныктаган.

Ошол эле күнү Лейлек районундагы Сүлүктү шаарында кылмыш ишин иликтөө учурунда 62 жаштагы тургундун жанын пакетке салынган 125 грамм марихуана заты табылган.

Учурда бул иштер боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0