БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкекте 71 жаштагы пенсионердин 97 миң долларын алдап алып кеткен шылуун кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, каражат аялдын үй сатып алам деген акчасы болгон. Турак жай алып берүүгө жардам берем деген шылтоо менен Жаил аттуу жаран пенсионердин ишенимине кирип, акчанын баарын шыпырып кеткен.
Учурда аялдын арызынын негизинде шылуун кармалып, сурак берип жатат. Тергөө иштери улантылууда.