Ош жана Ысык-Көлдө 3,5 кг баңгизат менен эки жаран кармалды

© пресс-служба УВД Жалал-АбадОшто унаадагы жүргүнчүдөн эки килограммга чукул баңгизат.
Ошто унаадагы жүргүнчүдөн эки килограммга чукул баңгизат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир эле күнү кармалган адамдардын бирөөсүнөн героин чыкса, экинчисинен нашаа алынган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Ошто унаадагы жүргүнчүдөн эки килограммга чукул баңгизат табылганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында милиция "Мерседес-Бенц 230" үлгүсүндөгү унааны токтотуп, жүргүнчүлөрдүн биринен полиэтилен баштыктагы баңгизат алынган. Экспертиза анын героин экенин тастыктады. 

Ошол эле күнү Ысык-Көл облусундагы Кара-Дөбө айылынын 42 жаштагы тургунунан 1,5 килограмм нашаа табылган.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0