Пара алып жаткан салыкчы кылтакка илинди

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин баш кийими. Архив
Милиция кызматкеринин баш кийими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Чүй облусунун райондорунун биринин салык инспектору 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Чүй ИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Чүй ИИББдин 5-башкармалыгынын ыкчам-иликтөө иш-чаралары учурунда аныкталгандай, салык инспектору жергиликтүү жарандын салыктарын жашыруу үчүн пара талап кылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0