Бишкек — Ош унаа жолунда унаа коюп кеткен жарандын өздүгү такталууда

© Фото / Nate Steiner / wheel gripАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркаган адам аймактык оорукананын реанимация бөлүмүндө эсине келбей жатып көз жумган.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкек — Торугарт унаа жолунун 104-чакырымында "Лексус LX-470" унаасы менен жолдон өтүп бара жаткан жолоочуну коюп, алган жарааттарынан улам ал каза болгонун Чүй ОИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 7-декабрь күнү саат 20.30да болгон. 57 жаштагы айдоочу батышты көздөй бара жатканы белгилүү болгон. Жабыркаган жолоочу аймактык ооруканага жеткирилгенден кийин реанимацияда эсине келбей жатып каза болгон. Ушу тапта анын аты-жөнү такталууда.

Унаа айып короого токтотулуп, учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0