Кыргыз-казак чек арасындагы тосмодон аттагандар кармалды

Жазылуу
Кармалган жарандар буга чейин кыргыз чек арачылары тарабынан Казакстанга өткөрүлгөн эмес.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар" чек ара көзөмөл пунктунан Кыргызстандын үч жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Ага ылайык, кармалган жарандар чек арада тосулган тосмодон аттап Казакстанга өтүүгө аракет кылышкан. Алар буга чейин кыргыз чек арачылары тарабынан Казакстанга өткөрүлгөн эмес.

Тийиштүү документтер толтурулган соң, кармалгандар ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0