Чек ара аймагындагы Көк-Таш айылында чыккан чыр токтоп, азыр абал тынч

© Медербек НиязалиевКөк-Таш айылы. Архив
Көк-Таш айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чатак күнүмдүк турмуштук жагдайлардан келип чыккандыгын билдирди.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш айылында азыр абал тынч, чатакташкандар кечинде таратылды. Жабыр тарткан эч ким болгон жок. Бул маалыматтарды Sputnik маалымат агенттигине Баткен районунун акиминин орун басары Таалайбек Ибраимов билдирди.

Кечээ, 7-декабрда КРдин Тажикстан менен чектешкен Баткен районундагы Көк-Таш аймагында эки тарап жөнөкөй жай маселелерден улам чатакташып, анын кесепетинен айылдык мектептин терезеси жана бир автоунаа талкаланган.

"Азыр абал тынч, эл кечинде тарап кеткен. Чатак жашоочулардын көчөдөн өткөн автоунаага таш ыргытуусунан келип чыккан. Тажик жаранынын машинасынын айнеги сынып, кыргыз мектептин эки терезеси талкаланган. Чатак эки мамлекеттин күч органдарынын өкүлдөрү жана чек ара кызматынын жардамы менен басылды", — деди акимдин орун басары Ибраимов.

Ал мектепте бүгүн сабак адатттагыдай эле улантылып жаткандыгын кошумчалады.

Тажикстан менен Баткен районунун Көк-Таш аймагында чек ара чатактары көп кайталанып турат. Акыркы ирет Баткен районундагы мамлекеттик чек ара аймагында августта болгон чатактан кыргызстандык беш жаран жарадар болуп, жети үй жабыр тартып жана бир автоунаанын айнеги талкаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0