Телефонун уурдап, кайра сүйүнчүсүн талап кылган 22 жаштагы жаран колго түштү

Жазылуу
Администратор башка иштерге алагды болуп калган маалда акыркы кардар стол үстүндө турган телефонун чөнтөккө салып коюп, клубдан жайбаракат чыгып кеткен.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бишкектеги интернет-клубдардын биринде администратордун телефонун алып келип бергени үчүн 3500 сом сый акы талап кылган жаран уурунун өзү болуп чыкты. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Курал менен коркутуп, бирөөнүн 41 миң сомун алып кеткен кылмышкерлер изделүүдө
Маалыматка ылайык, телефонун уурдаткан администраторго бир нече күндөн кийин эркек адам чалып, жоготкон буюмун тапканын айткан. Алып келип бергенден кийин сүйүнчүсүнө акча талап баштаган. 

Бирок текшерүү маалында ошол түнү интернет-клубда администратор менен жалгыз 20-25 жаштардагы азиат улутундагы кардар калганы аныкталган. Клубдун кызматкери башка нерсеге алагды болуп калган учурда кардар телефонун алып жайбаракат чыгып кеткен.

Сүйүнчү акчасын алууга келген жаран аркылуу кылмышка шектүү катары шаардын "Учкун" кичи районунун 22 жаштагы тургуну кармалды. 

Учурда аталган жаранга карата "Уурдоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0