Кыргызстанда iPhone ээлери шылуундардын курмандыгы болду

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүiPhone телефону. Архив
iPhone телефону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир күндө шылуундар кыргызстандыктардан 89 доллар алууга жетишкен. Адистер шектүү смс-билдирүүлөр келсе, дароо Маалыматтык коопсуздук борборуна билдирүүгө чакырат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. "CERT-KG" кызматынын Маалыматтык коопсуздук борборунун (МКБ) кызматкерлери WebMoney кызматы менен биргеликте ири шылуундук аракеттин алдын алышканы аталган уюмдун сайтына жарыяланды.

Үстүбүздөгү жылдын 5-декабрында мобилдүү капчык пайдалануучуларынын бири борбордун адистерине кайрылып, WebMoney аркылуу мамелкеттик айып пул төлөөнүн жол-жобосун сураган.

"Анын мобилдүү телефонунда браузердин баштапкы баракчасы өзгөрүп, блоктон чыгаруу үчүн пайдалануучуга айып пул катары мамлекеттик капчыкка 1500 сом төлөө керектиги кабарланган", — деп айтылат билдирүүдө.

МКБнын маалыматы боюнча кылмышкер же кылмыштуу топ мобилдүү телефон пайдалануучулардын акчасын тартып алуу боюнча шылуунчулук аракетти ишке ашырууга далалат кылган. Аталган борбор WebMoney кызматкерлери менен биргеликте көзөмөлдөп, аталган капчыкты блокко коюп салышты.

"Ыкчам маалыматка ылайык, шылуундар күнүнө 89 доллар алып турушкан. Кооптуу жагдай дале сакталууда, анткени, кылмышкерлер капчыкты кайра каттоодон өткөрүп, билдирүүнүн текстин өзгөртүп коюшу мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.

Адистер учурда баштапкы баракчаны өзгөртүү механизмдерин аныктоо менен алек болуп жатышат. Экспертизанын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилери айтылууда.

Борбор iPhone ээлерин жогорудагыдай талап менен шектүү билдирүү келсе аларга кайрылууну сунуштоодо. 

Жаңылыктар түрмөгү
0