БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Ысык-Ата РИИБ чатакташа кеткен эки бир туугандын кичүүсү агасын бычактап салган фактыны каттады. Бул тууралуу Чүй облустук БИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, Ново-Покровка айылынын 59 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, урушу кеткен эки баласынын кичүүсү улуусун бычак менен сайып салганын айткан. Окуя эненин көзүнчө болгон.
Бир тууганын бычактап салган 31 жаштагы жергиликтүү тургун учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө амалдары жүрүп жатат.