"Манас" аэропортунан террорчулардын чыгып кетүүсүнө жол берген чек арачыларга иш козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековЭл аралык "Манас" аэропорту. Архив
Эл аралык Манас аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Манас-аэропорт" өткөрүү пунктунан чек арачылар Кыргызстандын аймагынан чыгуусуна тыюу салынган жарандарды чыгарып, кайра кирүүсүнө жол беришкен.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. "Манас" Эл аралык аэропортундагы "Манас-аэропорт" өткөрүү пунктунун чек ара кызматкерлерине Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгонун УКМК билдирди.

Аэропорт текшерүү жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош аэропортунда терактылардан улам жүргүнчүлөр кош көзөмөлдөн өтүүдө
Маалыматка ылайык, үч чек арачы үстүбүздөгү жылдын август айында Кыргызстандан чыгууга тыюу салынган 43 жаштагы жаранды "Манас-аэропорт" өткөрүү пунктунан чыгарып, бир айдан кийин кайра республика аймагына кирүүсүнө жол беришкен.

Мындан тышкары, ноябрда чек арачылар аталган өткөрүү пунктунан эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү менен Бишкекте 16-июль күнү жок кылынган террорчу Амировдун жубайын мамлекеттик чек арадан чыгарып жиберишкен.

Бул фактылар боюнча Башкы прокуратура "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, учурда трегөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0