Кыргызстандык жарандын паспорту менен Казакстанга жөнөгөн тажик жараны кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-казак чек арасынан кармалган жаран териштирүү маалында тажикстандык жаран экенин мойнуна алган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынын "Чалдыбар-автодорожный" көзөмөл пунктунан мамлекеттик чекти мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Тажикстандын жараны кармалганын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөрүү пунктунан аталган жаран кыргызстандыктын атына берилген башка бирөөнүн паспортун көрсөткөн. Текшерүү учурунда ал Кыргызстандан Казакстанга багыт алган тажикстандык жаран экенин мойнуна алган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам УКМК кызматкерлерине өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0