Бишкекте мыйзамсыз курал-жарак сактаган жарандар кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОк-дары. Архив
Ок-дары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ мыйзамсыз алынган же сакталган курал-жарак менен ок-дарыны, ошондой эле алардын бөлүктөрүн ташуу, сатуу, аларды даярдоо кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу аракет экенин эскертет.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкекте ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында мыйзамсыз курал-жарак сактаган жарандар кармалганын ИИМ билдирди.

Граната, автомат. 19 жаштагы баланын үйүнөн чогултулган курал-жарак табылды
Кечээ, 2-декабрь күнү Скрябин жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинен токтотулган унаадан милиция кызматкерлери 13 огу менен бир травматикалык тапанча жана 28 огу менен эки "Сайга" мылтыгы табылган. Курал-жарак унаанын айдоочусу 28 жаштагы шаар тургунуна таандык экени аныкталды.

Мындан тышкары, Ат-Башы районунун эки тургунунан табылган курал-жарак боюнча иликтөө башталып, ок-дарынын ээлери кармалганы маалымдалды.

Учурда бардык фактылар боюнча тергөө башталды.

ИИМ мыйзамсыз алынган же сакталган курал-жарак менен ок-дарыны, ошондой эле алардын бөлүктөрүн ташуу, сатуу, аларды даярдоо кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу аракет экенин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0