Башкы штаб замбирек чиркеп алып шаар аралап жүргөн кичи автобус боюнча түшүндүрмө берди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын жолдоруна көрүнүш. Архив
Бишкек шаарынын жолдоруна көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Замбирек чиркеп алып, шаарды аралап бараткан маршрутка социалдык тармакта катуу талкууга түштү.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Сокулуктагы аскер комиссариатынын чоң машинасы болбогондуктан замбиректи маршруткага чиркеп алып кетишкенин Башкы штабдын маалымат кызматынын башчысы Азамат Дүйшөнбеков Sputnik агенттигине билдирди.

могулар жинди болуп калганго ээ?

Posted by Абдымалик Ниязов on 2 декабря 2015 г.

Анын айтымында, бул замбирек Кыргыз мамлекеттик Курулуш, транспорт жана архитектура университетинин аскер кафедрасынын короосунда турган. Ал коргоо министринин атайын буйругу менен Сокулуктагы аскер комиссариатына постаментке коюу үчүн берилген.

"Сокулук районунун жүздөн ашык жараны постаментке коюу үчүн замбирек караштырып бергиле деп кайрылышкан. Замбирек коргоо министринин буйругу менен берилген. Аскер комиссариатында чоң машина жок болгондуктан алар маршруттук таксини жалдап келип алып кетишкен", — деди ал.

Дүйшөнбеков бул аракеттердин баары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке арналган иш-чаралардын бири экенин  кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0