Панфиловдогу мектепте балдардын ысык тамагы үчүн чогулган акчанын эсеби чыкпай калды

Жазылуу
Окуу жылынын башында башталгыч класстын окуучулары үчүн ата-энелер ар бир балага 100 сомдон чогултуп беришкен. Мугалимдер каражат мектеп директоруна берилгенин айтышууда.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Панфилов районунун Вознесеновка айылында башталгыч класстын окуучуларынын ысык тамагы үчүн чогултулган 72 миң сомго чукул акчанын дайыны чыкпай жатканын Башкы прокуратура билдирди.

Мектеп ашканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдөгү мектеп окуучуларынан үчтөн бирине ысык тамак берилүүдө
Маалыматка ылайык, аталган мектепте ата-энелердин макулдугу менен 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак уюштуруу максатында ар бир баладан 100 сомдон чогултуу каралган. Акча тамактан тышкары, ашпозчунун айлыгына да жумшалмак. 

Журналдагы каттоо эсеби боюнча сентябрь жана октябрь айлары үчүн ата-энелерден жалпы жонунан 71 миң 800 сом чогулуп, мектеп директоруна берилген. Бирок прокуратуранын текшерүүсү маалында директор ал акчаны көрсөтүп бере алган эмес.

Аталган факт боюнча Вознесеновка орто мектебинин жетекчилигине карата "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0