Мончосун калдык жагып жылыткан жаран СЭИнин кылтагына илинди

Жазылуу
Борбор калаанын Кулиев көчөсүндө жайгашкан жеке менчик мончонун ээси Токебаев аттуу жаран тигүү цехинен чыккан калдыктарды өрттөп, айлана-чөйрөгө зыян келтирип келген.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Мончосун тигүү цехинен чыккан калдык жана синтетикалык заттар менен ысыткан жаранга карата административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча протокол түзүлгөнүн мэрия билдирди.

Кара-Кечеде көмүр казуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Диль: Кара-Кече кенин казууда экологиялык коопсуздук башкы маселе болушу керек
Маалыматка ылайык, аталган факт шаардык муниципалитеттин алдындагы санитардык-экологиялык инспекциянын күн сайын жүргүзүүчү рейдинин натыйжасында аныкталган.

Борбор калаанын Кулиев көчөсүндө жайгашкан жеке менчик мончонун ээси Токебаев аттуу жаран тигүү цехинен чыккан калдыктарды өрттөп, айлана-чөйрөгө зыян келтирип келген.

Бул боюнча аталган жаранга карата протокол түзүлүп, ал Биринчи Май райондук комиссиянын кароосуна жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0