Сариев: мамлекет кышка толук даяр

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөмүр жүктөө. Архив
Көмүр жүктөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы парламенттин жыйынында Кыргызстандын бардык социалдык объектилери менен турак-жайлары кышка карата жылуулук менен камсыздалганын, учурда отундун запасы жетиштүү экенин, келишимдин негизинде республикага дагы көмүр келе турганын айтты.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Күз-кыш мезгилине Кыргызстан толук даяр экенин премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү бардык социалдык объектилер жана турак жайлар жылуулук менен камсыздалып, Бишкек менен Оштун ТЭЦтери жылуулук сезонун эч кыйынчылыксыз өткөрүүгө даяр.

"Бишкек ТЭЦиндеги көмүрдүн запасы 23-ноябрга карата 273,4 миң тоннаны түзүүдө. Бул өткөн жылдагы көлөмдөн 2,1 эсеге көп, мазуттун запасы 5,0 миң тонна, бул былтыркыдан 1,3 эсеге көп", — деди өкмөт башчы.

Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев суу менен электр энергиясын туура пайдаланууну тапшырды
Мындан тышкары, Сариев жергиликтүү көмүр сатуучулар менен келишимдерге кол коюлганын, ага ылайык, 2015-жылдын аягына чейин 140 миң тонна, 2016-жылдын 1-кварталынын ичинде 300 миң тонна көмүр берилээрин кошумчалады.

Премьер-министр учурда Бишкек ТЭЦинде жүргүзүлүп жаткан реконструкциялоо иштери 2017-жылдын ноябрь айында аяктай турганын, анын натыйжасында ТЭЦ кубаттуулугу 666 мегаваттан 812 мегаватка чейин көбөйөрүн билдирди.

"Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,4 миллиард метр кубду түздө. Бул былтыркыдан 1,6 миллиард метр кубга көп", — деди Сариев.

Ошондой эле премьер-министр үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында электр энергиясынын жоготуулары 14,3 пайызды түзгөнүн, бул көрсөткүчтү дагы төмөндөтүү жаатында иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0